Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы айдоо талаасында токтоп турган унаанын ичинен 25 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 25-февраль күнү саат 09:00 чамаларында айдоо талаада токтоп турган унаанын ичинде белгисиз жарандын жансыз денеси жатканы боюнча райондук милицияга маалымат берилген. Оперативдүү тергөө тобу айтылган дарекке барып, ал адам октон алган жаракатынан улам каза болгонун жана ал 25 жаштагы Ш.А. аттуу адам экенин аныкташкан.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертиза дайындалды жана сотко чейинки териштирүү иштери башталды.