17 жаштагы кызымды милиция кызматкери зордуктап койду деген эне редакциябызга кайрылды (ред. белгилүү бир себептер менен кайрылган жарандын аты-жөнү жазылган жок).
Анын айтымында, окуя 2018-жылдын май айында кызы 11-класста окуп жатканда болгон. Зордуктады деп айтылган жаран Бишкек ШИИББинин мобилдик батальонунун кызматкери. Ал бул окуядан кийин кызматтан кеткен.
"Кызым окуусун бүтүп, июль айында эле кусуп калды. Тамакка ууланып калганбы деп ооруканага алып барсам дарыгер "2 айлык боюнда бар" деп бизди нес кылды. Эмне болгонун сурасам эле кызым буларды айтты. Апрелдин аягында улуу балам кызыма жаңы телефон сатып берген. Мектептен келе жатып маршруттук таксиден курбу кызы телефон номерин жазып алган убакта транспортто кошо келе жаткан милиция кызматкери да жазып алган экен. Кечинде кызыма кызматкер билдирүү жаза баштайт. Кызымды жолугушууга чакырыптыр, бирок ал макул болгон эмес экен. Бир жумадан кийин кызым менен жолугушуу үчүн мектепке унаа менен барыптыр. Ал макул болбой кетип калса унаага күч колдонуп салып, эл жок жакка алып барып чак түштө зордуктап салыптыр", - дейт ал.
Жабырлануучу кыздын апасынын айтымында, кызды милиция кызматкери алгач коркутуп, кайра сооротуп ага үйлөнө турганын айткан.
"Эч кимге бул тууралуу айтпа, экөөбүз үйлөнөбүз. Сен мектепти окуп бүтүрө бер" деп кызымды алдаган экен. Ал ошентип эч кимге айтпай жүрө берет. Бир жума өткөндөн кийин кайра үй жакка келип кызыма үйлөнүү тууралуу сүйлөшө турганын айтып машинага салып кетет. Адатынча кайра ээн жерге алып барып, экинчи жолу зордуктайт дагы ошол боюнча жок болуп кетет".
Бул кабарды уккан эне милиция кызматкерине чалып, жолугушууга чакырган. Ал чогуу иштеген адамдары менен келген. Кыздын боюнда бар экенин уккан соң үч баласы бар экенин айтып, үйлөнө албайм деп кетип калган.
"Мен бул жоопту уккан соң жолдошума жана улуу кызым менен күйөө балама кабарды айтып Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылдык. Биздин арыз жазганыбызды угуп кечирим сурап, кызыңызды алам деп бир тууган байкесин, жездесин жиберди. Бирок биз кечире алган жокпуз. Арызды алган Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү кесиптешибиздин ишин биз карабайбыз деп райондук прокуратурага жөнөттү. Ал жак зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгоп, шаардык прокуратурага жөнөттү. Алар бул ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жөнөтүптүр. Эми ойлоп көрсөңөр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызмат качан эле зордуктоону карап калды эле?
Кызым стресске кабылгандыктан боюндагы баласы эки айдан кийин түшүп калды. Болгону бизде бир катачылык медициналык экспертизаны убагында дайындабай фактыбыз жок болуп калды. Башында бул окуяны уккандан кийин деле экспертиза деген нерсени ойлобоптурбуз. Ал эми шектүү кызматкер бул кабарды уккандан кийин "мен кылган эмесмин, көргөн эмесмин, билбейм" деп жатат. Мурда болсо өз эрки менен деген да сөздөрдү айтып чыккан. Учурда бул иш Бишкек ШИИББинин тергөөсүндө каралып жатат. Эмнеге иш сотко өтпөй жатат деп кайрылсам, прокуратура өткөрбөй жатышат деп эле айтышты".
Акыйкат издейм деген эненин айтымында, кызы бул окуядан кийин жогорку окуу жайга тапшырган эмес. Мүнөзү түнт болуп учурда үйдө.
"Кызым өзү жоош болчу, эшикке дагы чыкчу эмес. Милиция кызматкери кызымды коркутуп эле зордуктап койгон окшойт. Биз укук коргоо органдарына кайрылганыбыздан кийин кызыма ал "муну билгенде сени дагы, ичиңдеги баланы да жок кылмакмын" деп жазыптыр", - дейт бизге кайрылган эне.
SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын пикирин угууга даяр жана бул иш боюнча Бишкек ШИИББине кайрылат.