"НУР Телеком" Жоопкерчилиги чектелген коомунун (О! Мобилдик операторунун) 4G LTE түйүнүнүн камтуусун көбөйтүүгө жана бүт өлкө боюнча маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатууга багытталган масштабдуу долбоору өтө тездик менен ишке ашып жатат.
О! мобилдик оператору 32 калктуу пункттардын жүз миңден ашуун абоненттерин ишенимдүү байланыш жана эң жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу аркылуу Нарын облусундагы 4G LTE түйүнүн жакшыртты. Анын натыйжасы катары иштеп жаткан базалык станцияларга болгон жүктөмдөр азайды жана сигналды алуу оңолду.
"Биздин абоненттер үчүн 4G түйүнү добуштук байланыш сыяктуу эле муктаждык болуп калды деп айта алам – 2018-жылы аймакта мобилдик интернетти колдонуучулардын саны көп эсе көбөйгөн. Түйүн ичинде баарына орун жана ылдамдыкты жеткирүү үчүн биз 4G LTE түйүнүн дайыма кеңейтип жана “ылдамдатып” турабыз", - деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
Жаңы жабдууларды ишке киргизүү боюнча жумуштар аткарылган калктуу пункттар: Ак-Тал, Кош-Дөбө, Ак-Жар, Ак-Моюн, Ак-Муз, Калинин, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Казыбек, Кара-Суу, Первомайское, Жаңы-Арык, Кызарт, Байзак, Ак-Татыр, Беш-Терек, Кара-Суу, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Теңдик, Кара-Күнгөй, Кум-Дөбө, Кара-Тоо, Арсы, Дөң-Алыш, Комсомол, Көк-Жар, Чолпон, Эмгекчил, Куйбышев, Куланак, Учкун.
О! мобилдик оператору бүт өлкө боюнча 4G LTE-түйүнүнүн камтуусун максималдуу чегине жакындатып жатат. Бул компаниянын Кыргызстандагы камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидерлик позициясын камсыздайт. Бүгүнкү күнү жалпы өлкөнүн тургундарынын 81 пайызы заманбап жогорку ылдамдыктагы стандартты колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!