Баткен облусунда уулуу заттын партиясын мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай шаарынан Лексус RX-330 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаа 57 жаштагы М.Э. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Унаанын салонуна тинтүү жүргүзүү учурунда 356 килограмм салмактагы сымап уулуу заты табылган.
Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси "Күчтүү таасир берүүчү жана уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө деп жазылат маалыматта.