Орусияда адистештирилген балдар үйүндө чарчап калган 5 айлык кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Орусиянын Хабаровск шаарында адистештирилген балдар үйүндө чарчап калган 5 айлык кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25-февраль күнү Хабаровсктогу адистештирилген үйдөн 5 айлык кыздын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

“Иликтөө иштеринин алкагында балдар үйүнүн кызматкерлери текшерилмекчи. Анын жыйынтыгы менен буга юридикалык баа берилет. Учурда бул окуяны Саламаттыкты сактоо министрлиги өз көзөмөлүнө алды”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан