АКШда 5 адамды өлтүрүүгө шектелип апасы менен кызы кармалды. Каза болгондордун арасында кылмышка шектүү аялдын 2 баласы да бар

АКШнын Пенсильвания штатында өзүнүн 2 баласын жана 3 жакын тууганын өлтүрүүгө шектелип апасы менен кызы кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кылмыштын бети Моррисвиль шаарындагы үйлөрдүн биринин социалдык абалын текшерүү маалында ачылган. Анда аталган үйдөн 25 жаштагы Нааира Смит, 13 жаштагы Дэймон Дикри, 42 жаштагы Жамилла Кэмбепл жана эгиздер Аймани менен Эрика Аллен аттуу адамдардын жансыз денелери табылган.

Учурда кылмышка шектүү катары 45 жаштагы Шана Дикри жана анын 19 жаштагы Доминик Дикри аттуу кызы кармалды. Эмне себептен бул кылмышка барганы айтыла элек. Бакс округунун прокурору Мэттью Вайнтрауб бул окуяны акылга сыйбаган нерсе катары сыпаттаган. Учурда кылмышка шектүү аял тарабынан өлтүрүлгөн эжесинин 17 жаштагы Джошуа Кэмпбелл аттуу баласы изделүүдө. Ал качып аман калды деп ишенебиз”, - деп билдиришкен полиция кызматкерлери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sabway
2019-02-27 14:33:09
Мына сага мактаган Америка...
+1
Avrora2017
2019-02-27 18:29:24
Besh kol ten emes, myndai uroi uchurgan okuialar baardyk jerde ele bolup turatgo
0
sultan.kg
2019-02-27 21:32:01
Эгер чын болсо кантип өз тууганын өлтүрдү тообо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан