SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча, колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеоклиби толуктады. Ырчы чыгарманы мындан бир канча жыл мурда алып, бирок күйөрмандарына быйыл тартуулаганын айтат.
"Чыгарманы 2012-жылы Чыңгыз Турдубековдон алгам, бирок ырдап чыккан эмесмин. Убакыт-сааты келип, быйыл ырдап чыктым. Чыгармага клипти Таиландга эс алууга барганда тарта келдик. Анткени досум, клипмейкер Эрнист Сыдыков менен эс алууга чогуу барганбыз. Клиптеги каармандар жашоодогу түгөйлөрү менен тартылышты. Тактап айтканда, бактылуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова, Марат деген досум жубайы менен, Эрнист Сыдыков жубайы Кымбат менен тартылды. Менин түгөйүм жок болгондуктан роль аткаруу үчүн кыз издөөгө туура келди. Клиптеги менин түгөйүм болгон кызды социалдык тармактан таап, клипке тартылууга сунуштадык", - дейт ал.
20-ФЕВРАЛДАН 27-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" видеоклиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы "Ашыкпа" композициясына буюрду.
8-орунга - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" клиби жайгашты.
7-орунду - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" клиби ээледи.
6-орунду - Гүлнур Асанованын "Шашпа" аттуу чыгармасы камсыздады.
5-орун - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" клибине буюрду.
4-орунду - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" чыгармасы камсыздады.
3-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге кошулган Айя Садырованын "Тоо булагы" композициясы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.