Эл өкүлү "Өкмөт элдин турмушун оңдогусу келсе ар бир айылдын тушуна даараткана курсун" дейт

"Өкмөт элдин турмушун оңдогусу келсе, ар бир айылдын тушуна даараткана салып берип коюшсун" деп бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору талкуу учурунда депутат Эльвира Сурабалдиева айтты.

"Элдин жашоосун оңдоого багытталган мыйзамдарды киргизүү керек. Мен өкмөткө такыр түшүнгөн жокмун. Ошондо калпакты тигип, сатууну да көзөмөлдөгөн өкмөт мүчөлөрү эмне өздөрү базарга барып калпак сатабы?

Калпакты кордогондорго 1000 сомдон 5 миң сомго чейин айып пул салынат дедиңиз. Мыйзам долбоорунун демилгечиси бул көп деле акча эмес дегениңерге таң калып жатам. Элдин жашоосун оңдойм деген өкмөт айып пул салбайт. Өкмөт ушунчалык эле элдин жашоосун оңдогусу келсе, ар бир айылдын тушуна даараткана салып коюшсунчу.

Буга чейин имараттардын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бирок ушул жерде отурган депутаттардын баары кабинеттеринде тамеки чегип отурат. Башка айып пулдар менен көйгөйлөр толук чечилип бүтө электе бул нерсени кошуунун кажети жок", - деди Сурабалдиева.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-02-27 14:15:54
туалет зачем? расход кылып, айыл жергесинде ар бир уйдо бар да, кичине толковыйраак сунушунар жокпу, чонураак, керектууроок нерсе салып берели деген
+1
Tolkun555
2019-02-27 15:22:09
Туалетке ылайыктуу болуп жатышса анан башка созду каяктан табышсын
+1
BekAmir
2019-02-27 23:47:34
Калпакты Кыргызстанда жашаган башка улуттун окулдору тепкилеп жургон видеосу тараган. Штраф кобуроок салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан