Курал менен коркутуп коомдук тамактануучу жайдын кассасын тоногон кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү болжол менен саат 22:50 чамасында медициналык бет капчан белгисиз адам Бишкек шаарында жайгашкан тез татым кафесине кирип келген. Кылмышкер тапанча менен мекеменин кассирин коркутуп, 63 миң сом акчасын алып качып кеткен.
"Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр башталган. 25-февраль күнү Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1983-жылы туулган Б.А. аттуу жараны кармалган. Ал мурда адам өлтүрүү боюнча соттолгон.
Туугандарынын үйүнүн кампасын текшерүүгө алганда газ-травматикалык тапанча табылган. Кармалган жарандын карактоого тиешеси бардыгы далил заттар аркылуу аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилип жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.