Жалал-Абад ОИИБи Ноокенде топ балдардын ур-токмогунан качып баратып жардан кулап каза болгон окуучу тууралуу маалымат берди

Ноокенде 9-класстын окуучусу түн ичинде топ балдардын ур-токмогунан качып баратып жардан кулап каза болгон. Жалал-Абад ОИИБи окуучунун өлүмү тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 24-февралда саат 20:20 чамасында "Тез жардам" кызматы тарабынан Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн. Анда Масы айылында жайгашкан Сай-Мала участкасынын Тоскоол сайдын жыйырма метр төмөн тарабынан азиат түспөлүндөгү 15-20 жаштардагы эркек баланын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып текшерген учурда сайдан кызыл түстөгү канга окшогон зат алынган.

Маркум Ноокен районунун Дамаш айылынын тургуну 16 жаштагы Д.Н. экендиги аныкталган. Анын жансыз денесин сырткы кароо жүргүзүлгөндө оң бутунда сынык бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан