Жалал-Абадда 3-4 күн бою өз үйүнөн чыкпаган жарандын жансыз денеси 70 пайыз күйгөн абалда табылды

Жалал-Абад шаарында турак үйдүн ичинен денесинин 70 пайызы күйгөн жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жансыз денеси табылган жарандын үйүндө өрт чыкканы боюнча маалымат өрт өчүрүү кызматына түшкөн эмес.

"Бизге маркумдун кошуналары 3-4 күндөн бери үй ээси көрүнбөй жатат деген кабарынан улам биздин куткаруу кызматы барып үйдүн эшигин бузуп киришкен. Алар үйдүн ичинде керебетте жансыз жаткан кишини табышкан. Маркумдун жамынып жаткан төшөгү өрттөнгөнү белгилүү болду. Факты боюнча иликтөө иштери башталды", - билдирет башкармалык.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБи азырынча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Koss1985
2019-03-01 15:31:10
Өрт өтө эле көп болуп жатат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан