Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жаңы салынган жер өтмөктүн үстү жагы чөгүп бара жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.
"Бул "Кара-Суу" базарындагы жаңы салынган жер алдындагы өтмөктүн үстү жагы. Жаңы салынганына карабастан чөгүп бара жатат. Аны күн сайын ушинтип шагыл менен толтурушат. Муну көргөндө унааны көтөрө албай урап түшүү коркунучу бар деген кооптонуу болот. Жарандар түшүп кетип жаракат алса, ким жоопкерчилик алат? Кырсык болбосун, бирок оңдоп бүткөнгө чейин жолду жаап туруу керек деген ойдомун", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.