Нью-Йоркто эки поезд унаа менен сүзүшүп, жеңил унаанын 3 жүргүнчүсү каза болду

Нью-Йоркто эки поезд темир жолдон унаа менен сүзүшүп, жеңил унаанын 3 жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-февраль күнү кечинде Лoнг-Aйлeнддин аймагынан орун алган. Анда 2 беттеш келаткан поезд унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир поезд темир жолдон чыгып кетип, бетон платформаны сүзгөн. Жеңил унаанын ичиндеги 3 адам оор жаракаттардан улам кырсык болгон жерде көз жумган. Поезддин 7 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алган. Миңге жакын поезддин жүргүнчүлөрү кырсык болгон жерден эвакуацияланган.

"Учурда каза болгон жарандардын өздүгү аныкталууда. Нассо полиция oкpугунун өкүлү Пaтpик Paйдep 200 жүргүнчүсү бар биринчи поезд Maнxэттeн багыты менен катуу ылдамдыкта баратканын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кырсык жеңил унаанын айдоочусу шлагбаумду айланып жолдон өтүүгө аракет кылганы аныкталган. Акыркы 40 жыл ичинде ушул сыяктуу бешинчи кырсык катталды. Анын ичинен жеңил унаа менен сүзүшкөн экинчи учур. Калган учурларда поезд адамдарды сүзүп кетчү. 2017-жылы темир жолдорунда 2 миң 115 кырсык катталып, 271 адам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан