Эртең парламентте "Таза аба" долбоору боюнча коомдук угуу өтөт

Эртең, 1-мартта парламентте "Таза аба" долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, абанын тазарышын камсыздаган чечкиндүү аракеттер зарыл болгондуктан Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары “Таза аба” долбоорун сунуштап, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөдө.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө аналитикалык изилдөө да жүргүзүлдү. Бул изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан