АКШда 11 жаштагы кызды зордуктап, аны өлтүргөн 20 жаштагы жаранды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды

Hью-Жepcинин сотунда 11 жаштагы кызды зордуктап, аны өлтүргөн 20 жаштагы жарандын соттук иши каралып баштады. Учурда прокурорлор аны өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылдын июль айында Кинсбергдин аймагында болгон. Анда полицияга 11 жаштагы Эббигейл Смиттин апасы кайрылып, короодо ойноп жаткан кызы дайынсыз жоголуп кеткенин билдирген. Издөө иштеринин алкагында колдору таңылып, одеялого оролгон кыздын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн чатырынан табылган.

"Кылмышкер кызды байлап алып зордуктап, кийин аны мууздап салганы аныкталган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектелип ошол эле үйдүн 20 жаштагы тургуну кармалган. Анын батиринен каза болгон кыздын канынын издери табылган. Кылмышка шектелген Aндpeac Эpaзo окуядан бир нече күн өткөндөн кийин кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aima94
2019-02-28 13:02:27
Өлтүрүп койсо деле ал баланы аздык кылат. Чийедей балада эмне күнөө?
+1
warcaw
2019-02-28 18:17:12
Aima94,өлтүрүп койсо оңой кутулат да, буга окшогондорду түрмөдө кыйнап көрбөгөн нерсесин көрсөтүп анан өлтүрүш керек.
0
souza.j
2019-02-28 13:13:43
Шумдугун кур Америка!
0
bazar
2019-02-28 16:53:17
Өмүр бою эркинен ажыратуу өздөрүндө деле бар экен, анан эмне эле бизге клгенде "адам укугу" деп ортого түшө калат бул америкендер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан