Бишкекте экс-президент менен "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыз боюнча соттук отурум өтүүдө

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 15-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыздын негизинде соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумга экс-президенттин жана "Апрель" телеканалынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Телеканалдын директору Дмитрий Ложников канал Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун көрсөтүүдө журналистиканын принциптерин бузбагандыгын белгиледи.

"Сот маектин текстине лингвистикалык экспертиза өткөрүү сунушун канааттандырбаганы өкүнүчтүү. Мен биздин талап туура деген ойдомун, бирок соттун чечимин күтөм. Мен бул жагдайда биздики туурабы же туура эмеспи түшүнгүм келип жатат. Соттук териштирүүдөн кийин эфир берүүгө даярбыз, бизде 55 мүнөттүк телеберүү бар. Анда, албетте, эфирдин баары Атамбаев жөнүндө гана болбойт", - деди Ложников.

Буга чейинки соттук отурумда телеканалдын жана экс-президенттин жактоочулары Алмазбек Атамбаевдин маегинин текстине лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү сунушташкан болчу.

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт. Доогерлер телеканал алардын кадыр-баркына шек келтиргенин айтышкан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылаптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана анын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен.

Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2019-02-28 11:32:34
Эми сот акыйкат чечим чыгарсын. Саясатчылар деле бекеринен безилдеп жаткан жок. Ошого Апрель телеканалы бир тараптуу маалымат берүүдөн абай болушу керек.
-3
zhaku2017
2019-02-28 12:35:58
Бугнуку Жээнбековтордун жасаган иштерин коруп турабыз. Ар кайсы Бекназарого окшогон элге жакшылык калбаган саясатчылардын артына жашынып алып Атамбаеаге каршы иштеп жатат. Атамбаев азаматсын. Сенин эмгегинди эл баалайт. Жээнбековтордун тубу ким экени билинип калды. Саткын Жээнбековтордун жолу копко узабайт. Бир нерсе болсо эле Атамбаевди жамандап жаткан Жээнбековтор аман эле болушсун. Атамбаевди эл колдойт.
+2
altyn7776
2019-02-28 13:53:13
Кундуз Жолдубаева деген эме кузгун деген жок, кузгунга окшоп деп айтты дейт, тообо.... Айырмасы кайсы? АША жадагалса пресс катчыны да билимсиз, доопоростон тандаптыр...
-1
zhaku2017
2019-02-28 15:05:33
altyn7776,
Анык билимсиз Жээнбековтор экенин убакыт коргозуп жатат. Бугунку Жээнбековтордун денгеели менен эч бир онуго албайбыз.
+1
altyn7776
2019-02-28 16:06:30
zhaku2017, билими кыкка арзыбаган Атамбаевдин бийлигинде эмне онуктукпу? Бут кадр саясатындагы озунун кузгундарын кордук...баары супер коррупционер. Эми АША бышырган кашаны оздоруно жедирип жатышат да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан