Депутат: "Күйүүчү майдын баасы 20 пайызга жогору сатылып жатат. Дүң баа менен чекене баанын айырмасы 10 пайыздан ашпашы керек"

"Бензиндин дүң баасы менен чекене баасынын айырмасы 20 пайыздан ашып кеткен". Бул маселени бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Эмил Токтошев көтөрдү.

Ал Кыргыз мамлекетиндеги нефтебазалар менен май куюучу жайлардагы күйүүчү майдын баасынын айырмасы 20 пайыздан ашып кеткенин айтып, буга ким чара көрөрүнө кызыкты.

"Бензин маселесин буга чейин да көтөрүп келгем. Анда дүң жана чекене баанын айырмасы 10 сом болчу. Ошол учурдан бери Монополияга каршы күрөшүү агенттиги эч кандай чара көрбөптүр. Азыркы баа кандай? Бишкектин четиндеги нефтебазаларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 32,80-33 сомдон сатылып жатат. Ал эми май куюучу жайларда 40 сом 90 тыйындан сатылууда. Дизелдин дүң баасы 39 сом, май куюучу жайларда 45 сомго чейин экен. Айырмасы 8 сом, 20 пайыздан ашып кетип жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси дүң баа менен чекене баанын айырмасы 10 пайыздан ашпашы керектигин билдирген. Бүгүнкү күндө ал эки эсе жогору болуп жатат. Мунун артында ким турат, ким көзөмөлдөйт? Ушул маселени чечүүнү тездетүү керек", - деди эл өкүлү.

Депутат: “Күйүүчү майдын дүң менен чекене баасынын ортосундагы айырмачылык чоң”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mikra
2019-02-28 11:56:06
Азамат.иштесе болот экенго эл учун.баасы Аи 92.35сом болсо болот эле жок дегенде.
+2
erjigit-e.15
2019-02-28 13:55:14
Эн туура маселе которупсуз!
+1
Umakg
2019-02-28 14:17:42
Эркек экенсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан