Парламентте "Сапат" мектебин текшерүү керектиги айтылды

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Талант Мамытов "Сапат" мектебинин маселесин козгоду.

Ал аталган окуу жайда мурда окугандардын жазган окуяларына токтолуп, текшерүү жүргүзүү керектигин айтты.

"Бүгүнкү күндө "Сапат" мектеби башка мамлекеттерде жабылды. Ал эми Кыргыз мамлекетинде "Себатты" "Сапат" кылып өзгөртүп, ишин улантышууда. Азыр социалдык тармактарда аталган мектеп боюнча ар кандай пикирлер жазылып, талкуулар жүрүп жатат. Бул ишти текшерүүгө алып, коомчулукта айтылган пикирлерге көңүл буруу зарыл", - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары депутат бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү да сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kenzhe_007
2019-02-28 14:13:52
Ушул депутаттар маанилууроок иштер менен алектенишсе жакшы болмок. Сапат лицейлеринен башка проблема жок калды да Кыргызстанда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан