Бишкекте бала сатып жаткан учурда үч аял кармалды

Бишкекте бала сатууга шектелген үч аял кармалды. Бул тууралуу 28-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май РИИБине 27-февралда белгисиз аял өзүнүн баласын сатууга аракет кылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө баланы сатып жаткан маалда 1988-жылы туулган М.Н., кылмышка катыштыгы бар 1969-жылы туулган Т.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.А. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Skarlett-Skarlett
2019-02-28 13:03:01
Ким адам баоасын сатып акча тапса,деги эле Кудайым берген денесин сатса наркы дуйнонун тозогу болсун!Амин!
+6
XATSAN125
2019-02-28 15:38:02
ит экен адам дегени ооз барбайт хотя ит да булардан тузугурооок
+6
asefsa
2019-02-28 19:13:11
Оо Жараткан Алла, баарыбызга ыйман ынсап сабыр бере кор!
+1
Pomposhaku
2019-03-01 03:28:52
Анан кантип тынч уктай алышат...окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан