"РусГидро" компаниясынын Жогорку Нарын ГЭС каскады долбооруна кайтуу планы жок

"РусГидро" компаниясынын өзү Жогорку Нарын ГЭС каскады долбооруна кайтуу планы жок. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары компаниянын жетекчиси Николай Шульгиновдун билдирүүсүнө таянып жазууда. Өз сөзүндө Шульгинов бул долбоорго инвестор тартуу жаатында жардам көрсөтүшөрүн айткан.

"Бүгүнкү күндө каржылык моделибиз бизге ал ишти улантуу чечимин кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Алар менен биргеликте бул долбоорго инвестор тартууга жардам көрсөтүү боюнча макулдашып, каржылык моделдин негизги эсептерин бердик. Азырынча биз техника-экономикалык негиздеринин көлөмүнөн улам долбоор өзүн-өзү актабайт деген ойдо ага кирүү мүмкүнчүлүгүн көргөн жокпуз", - дейт Шульгинов.

26-февралда өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев "РусГидро" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушканын билдирген. Анда тараптар тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу, тышкы инвестицияларды тартууну жана Жогорку Нарын ГЭС каскадына байланыштуу кырдаалды пайдалуу жөнгө салууну талкуулашкан.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Николай Шульгинов2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, 2015-жылы каржылануу жагы кечиктирилип жатканына байланыштуу макулдашуу боюнча маселелер көбөйө баштаган. 2015-жылдын аягында ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан.

2017-жылы 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "РусГидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес. 2017-жылы 18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. 2018-жылдын октябрь айында "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан