17 жаштагы кызымды милиция кызматкери зордуктап койду деген билдирүү боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине А.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Бакыт аттуу белгисиз адам 2018-жылдын май айында унаасына жашы жете элек кызды салып алып зордуктап койгону тууралуу айткан. Ал эми ошол эле жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.
"2018-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарынын прокуратурасынын буюртмасы менен райондук прокуратура Бишкек ШИИББине иликтөө иштерин андан ары улантуу үчүн өткөрүп берген. Жабырлануучу деп эсептелген кызга жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, кызды текшерүүдө денесине эч кандай оор жаракат келтирилбегендиги аныкталган. Мындан соң кылмыш ишин иликтөө токтотулган. 2019-жылдын 20-февралында Бишкек шаарынын прокуратурасы мурда токтогон иликтөөнү жокко чыгарып, 20-февралда Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына иликтөө тапшырмасын берген".
Азыркы учурда Бишкек ШИИББинин тергөө тобу ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө деп билдирет басма сөз кызматы.