КТРКнын жетекчилигине талапкерлердин саны кыскарууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Байкоочу кеңеш талапкерлер менен маектешүү өткөрүп жаткан учурда белгилүү болду.
Маалым болгондой, буга чейин 19 талапкердин аты-жөнү катталган. Бүгүн алардын ичинен корпорациянын директору Илим Карыпбеков талапкерликтен баш тартты.
Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна 2015-жылдын 19-мартында келген. Бул жылдар аралыгында анын дарегине карата коомчулук тарабынан да, депутаттар тарабынан да бир катар сындар айтылып келди. Парламент жыйынында "Белизгейт" боюнча маселе каралганда да Карыпбековго карата бир катар суроолор берилген.
18-февралда КТРКнын Байкоочу кеңеши коомдук каналга башкы директор кызматына талапкерлердин документтерин караган.