Бишкектеги Аламүдүн суусунун жээгинен адамдын жансыз денеси табылды

Бишкектеги Аламүдүн суусунун жээгинен бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 28-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, азиат түспөлүндөгү 20-25 курактагы эркек кишинин жансыз денеси 27-февраль күнү саат 8:00 чамаларында Осмонкул менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн жанынан (Аламүдүн суусунун жээгинен) табылган.

Учурда аталган факт Свердлов РИИБге Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле сотко чейинки териштирүү иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан