Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊеште коомдогу коопсуздукту сактап, адам өмүрүнө, саламаттыгына кам көрүү максатында иштелип чыккан "курал" жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөнүн жарандары же чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды, патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөнүп берилмекчи.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өз менчиги болбогон же таап алган ок атуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынарын билдирди.
"Алар ички иштер органдарына өткөрүп берилүүгө тийиш. 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголсо, 232 курал кайтарылып берилди, учурда 633 курал издөөдө турат. Ошондой эле ички иштер органдары тарабынан 39 миӊ 835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилген. Андан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга 157 тапанча сый катары тартууланып, 1621 тапанча белекке берилген. Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сый акы каралган. Мисалы, гранатомёт менен пулемётторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, обрезге (чолок мылтык) – 3200 сом", - деди ИИМдин өкүлү.