Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гүлистан айылынын тургуну Мелис Рысбаев изделүүдө. Бул тууралуу анын эжеси Мыскал Рысбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон жаран 30 жашта.
"Иним айылдан 6-январь күнү Бишкекке иштегени келген. Ал шаарда нан жабуучу жайда иштеп жатканын айтып, күндө сүйлөшүп турчубуз. Акыркы жолу 29-январда сүйлөшкөнбүз. Айта кетчү нерсе акыркы кездери ал ичкиликке берилип калган. Маалыматым боюнча, инимди 164-маршруттук каттамдын акыркы аялдамасынан көргөндөр бар экен", - деп билдирет Рысбаева.
Изделип жүргөн жаран сүрөттөгү кийимдерин кийип жүргөн боюнча жоголгон.
Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге байланышууну өтүнөт.
Байланыш телефону: +7 999 854 55 09, +7 925 866 00 74