25-февраль күнү Аламүдүн районунун Кой-Таш айылына жакын жерден Мазда-6 үлгүсүндөгү унаанын ичинен башына тийген октон каза болгон адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.
Бүгүн, 28-февралда ИИМдин басма сөз кызматы жансыз денеси табылган адам 1994-жылы Жалал-Абад облусунда төрөлүп, кийин Казакстандын жарандыгын алган Атанух Шерматов экенин билдирди. Ал Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 4-курста окуп жүргөн.
Ал эми унаасынын ичинен Айфон-6 үлгүсүндөгү уюлдук телефон, 250 граммдык бөтөлкөгө куюлган арак, Макаров тапанчасы ичиндеги огу менен жана атылган ок табылган. Тапанча анын колунда кармалган абалда болгон.
"Каза болгон адам менен акыркы жолу байланышкан достору колундагы тапанча өзүнүкү болгонун жана акыркы учурда кайгырган абалда жүрүп өзүн-өзү өлтүрүп алышы мүмкүн экенин айтканын билдиришкен. Териштирүүнүн жүрүшүндө унаа 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу адамга таандык экени айтылып, бирок чынында унаа ээси Атанух Шерматов экендиги аныкталды. Белгилүү болгондой, Шерматов окуядан бир күн мурун саат 23:45 чамаларында өз унаасы менен супермаркеттердин бирине кирип 250 граммдык бөтөлкөгө куюлган арак, энергетикалык суусундук, пиво, тамеки жана салат алып чыгып кеткен", - деп билдиришти ИИМден.
Ал эми ИИМдин алдына ала такталган маалыматына караганда, окуя болгон жерден табылган Макаров тапанчасы 2005-жылдын март айындагы окуя учурунда Жалал-Абад ШИИБинин күзөт бөлүмүнөн уурдалган.