Бүгүн, 28-февралда Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинин 1/16 финалында Кыргыз өлкөсүнөн барган бильярдчы Азиз Мадаминов атаандашын жеңип кийинки баскычка жолдомо алды.
Ал жарым чейрек финалга өтүү укугу үчүн беттеште казак бильярдчысы Ернар Чимбаевди 6:3 эсебинде жеңип алды. Кийинки баскычта Мадаминов орусиялык Семён Зайцев менен беттешет.
Аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден 84 спортчу келген.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышып, алардын алтоосу 1/16 финалга чейин жетишкен. Буга чейин Дастан Лепшаков казакстандык атаандашын жеңип, жарым чейрек финалга аттанса, алдыда Каныбек Сагынбаев, Канат Сыдыков, Ызат Ратбеков жана Арсен Каленбаев атаандаштары менен беттеш өткөрөт.