Ош шаарында күйөөсү тарабынан сабалып каза болгон аялдын биринчи турмушунан эки баласы бар. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгон келиндин эки баласы анын ата-энесинин колунда. Ал эми шектүү менен былтыр турмуш курган. Экөөнүн ортосунда баласы болгон эмес.
Буга чейин үй-бүлөлүк уруштан улам 46 жаштагы жолдошу 35 жаштагы аялын сабап аял жаткан жеринде каза болуп калган.
Кылмышка шектүү Э.А. өз түшүндүрмөсүндө аялы ошол күнү апасынан 500 сом акча алып чыгып кеткендигин жана келгенде ал акчаны эмнеге коротконун сураса айтпагандыгын, ошондой эле шектүү ошол учурда мас абалда болгондуктан жаңжал чыгып кетип, ургандыгын айткан.