Бишкек шаарындагы ботаникалык бакта өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт 28-февраль күнү болгон.
Иса Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүү кызматы саат 15:07де жөнөп кеткен. Жерине барган кызматкерлер өрттү өчүрүшкөн.