Бишкекте 1-мартта соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, жыйында энергетика, нефтегаз, өнөр-жай, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт жана миграция тармагында кызматташуу маселелери талкууланат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу, Орусиядан инвестиция тартуу маселелери каралышы пландалганы кабарланды.
"Тараптар соода жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Кыргыз ишканаларынын продукцияларын экспортун жогорулатуу маселелерин да карашат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары жыйындын соңунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн өкүлү Константин Чуйченко эки тараптуу кызматташуу боюнча протоколго кол коёру күтүлүп жатканы белгиленген.