Баңгизат сатуу менен алектенген күйөөсүн өлтүрүүгө буюртма берип, аны көмүү үчүн атайын жер сатып алган аял 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Крымдын 31 жаштагы Наталья аттуу тургуну менен Кирилл 10 жылдан ашык бирге жашашкан. Экөөнүн ортосунда 3 баласы бар. Бирок күйөөсү баңгизат колдонуп, кийин аны сатуу менен алектене баштаганда ортодо уруш-талаш көбөйгөн. Ажырашууга көнбөгөн күйөөсү баңгизат сатууну токтотпой, тескерисинче кызуу киришип кеткенде ачууга алдырган.
“Күйөөсүнө өчөшкөн аял анын кирешелүү булагын тартып алуу үчүн күйөөсүн өлтүрүүгө буюртма берген. Кириллди уурдап барган адамдар аны бир нече күн 4-кабаттагы батирде кармап, ур-тепкиге алып, 1 миллион рубль талап кылышкан. Бирок Кирилл 4-кабаттын балконунан шейшептерди улаштырып байлап, качып үйүнө барган. Күйөөсүн көргөн аялы нес болуп, буюртма берген адамдарга кайрадан чалган.
Күйөөсү баңгизат колдонуп, эс-учу жок абалда жаткан учурда аны өлтүрө тургандар келип, кайра салып кеткен. Аны аялы сатып алып, 3 метр тереңдикке чейин каздыртып койгон жерге алып жөнөшкөн. Бирок жолдон полиция кызматкерлери тоскон, анда бири баңгизат чегип алганын аныкташып, жанындагы 3 адам шектүү көрүнүп текшерүү иштери башталган.
Натыйжада ар ким өзүн коргоо максатында актанып жатып, кылмыштын бети ачылган. Бул ишти сот карап, Натальянын балдары жашы жете электиги жана тергөө менен кызматташканына байланыштуу жазасы жумшартылып, 4 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Ал эми буюртманы аягына чыгара албай калган 3 жаран 6 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөшөт. Соттун өкүмү күчүнө кире элек”, - деп жазылат маалыматта.