АКШнын Нью-Йорк шаарындагы метродо 39 жаштагы жарандын сумкасынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 21-февраль күнү болжол менен саат 7:20 чамаларында Grand Central Terminal станциясында орун алган. Алгач полиция жабыркаган жарандын киийими поездге илинип калып сүйрөп кеткен деп божомолдошкон, бирок видеокөзөмөл аркылуу караганда анын сумкасынын илгичи илинип калганы аныкталган.
"Поезддин артында бир топко чейин сүйрөлүп калган жарандын жансыз денеси №7 линиядагы тоннелден табылган. Анын денесинде көптөгөн оор жаракаттар болгон", - деп айтылат маалыматта.