Курсан Асанов: "Бүгүнкү күнгө чейин түкүргөндөргө салынган айып пул өндүрүлбөйт"

Жаңы кодекстер боюнча коомчулукта айтылган көп сын-пикирлерден кийин айып пулдун көлөмү азайтылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйынында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

"Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердеги айып пулдун көлөмү көп болгондуктан жана жеке жак менен юридикалык жактардын айып пулунда айрымачылык чоң болгондуктан ага өзгөртүүлөр киргизилди. Айып пулдун суммасын азайтууга коомчулуктагы терс пикирлер да түрткү болду. Бүгүнкү күнгө чейин түкүрүккө салынган айып пул боюнча толуктоолор болуп, ал күчүнө кирбегендиктен өндүрүлгөн эмес. Айып пул 5500 сомдон 1 миң сомго азайтылып, коомдук жайларда тамеки тартуу, семичке чагуу жана түкүрүү коомдогу тартипти бузуу катары эсептелинет", - деди Асанов.

Анын айтымына караганда, акылдуу шаардын компоненти болгон коопсуз шаар боюнча айып пулдарды салуу 4-марттан тарта толук кандуу иштей баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-03-01 11:44:38
Токтоткула жомогунарды!
0
talaa11
2019-03-01 12:10:07
Тукурук Окмот деп элдин эсинде калат экенда Сооронбай Жеенбеков
0
Flowhive
2019-03-01 12:12:26
Тамеки тарткандарды караш керек, азайбай эле,балдар ойноочу аянтчаларда көбөйүп кетти
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан