Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов электр энергиясына жана жылуулукка болгон баа көтөрүлбөй турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.
Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев тариф саясаты карала турганын айтты.
Боронов тариф маселеси каралса электр энергиясына болгон баа көтөрүлөт деп түшүнбөш керектигин билдирди. Анын айтымында, бул жылы тариф саясаты каралат, бирок баа көтөрүлбөйт.
Учурда жыйында өкмөттүн энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү багытындагы иши жөнүндө маселе каралууда.