Бүгүн, 1-марттан баштап QIWI төлөм операторунун эсептеги каражаттары камакка алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.
Аталган банктын маалыматына караганда, "Тез төлөмдөрдүн бириккен системи" ЖЧКсынын менчик ээлеринин арызы боюнча сот тарабынан кабыл алынганы айтылды. Ошол чечимге ылайык, аталган коомдун коммерциялык банктардагы эсептери камакка коюлган.
Төлөм системинин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени эскертилди.
"Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында Улуттук банк тарабынан "Тез төлөмдөрдүн бириккен системи" ЖЧКсы 2019-жылдын 1-мартынан тарта камакка алынды. Бул төлөм системдери аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотуу тууралуу жазма буйругу берилген", - деди Улуттук банктын басма сөз кызматы.
Ал эми Улуттук банк альтернативдик төлөм системдерди жана төлөмдөрдү кабыл алуунун башка ыкмаларын колдонууну сунуштайт.
Улуттук банк мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде төлөм системине карата тобокелдикке жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.