Депутат Канатбек Исаев: "Көк бөрү менен көкпар бир эле оюн, болгону казактар көк бөрү оюнун көкпар деп айтышат"

Депутат Канатбек Исаев көк бөрү менен көкпар бир эле оюн экенин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта маалымат жыйынында билдирди.

"Көк бөрү менен көкпар бир эле оюн экенин түшүнүшүбүз керек. Казактар көк бөрүнү көкпар деп айтышат. Мисалы, англис тилинен бир спортту орусчага же кыргызчага которуп алабыз. Кыргыз мамлекетинин ичинде деле көк бөрүнүн ар кандай эрежеси болот да. Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясы түптөлгөндө 3 мамлекет кол коюп берген. Ал жерде көк бөрүнүн эрежеси өзгөрөт деген сөз болгон эмес. Мени бир мамлекеттин кызыкчылыгын коргоду деген маалыматтар чындыкка дал келбейт", - дейт ал.

Буга чейин Казакстандын маалымат каражаттары 2019-жылы Өзбекстанда боло турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу көкпардын эрежеси менен өтөрүн жазып чыгышкан.

Интернетке көкпардын эрежеси менен ойноого Канатбек Исаев макулдугун берген деген маалыматтар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyrgyzJigit
2019-03-01 14:08:00
Бул жерде дүйнөлүк аренада башка мамлекеттер эми көк бөрүнү "Көк бөрү" деп тааныйбы же "Көк пар" деп тааныйбы деген улуттук кызыкчылык турат. Дүйнө жүзү кыргыздар ойлоп тапкан эреже менен ойноп атса, ичи күйгөн казактарга Канат Исаев сатылган экен, көк-бөрүнү кокпар дедиртип,тай казанды алдыртып. Келишимге эмнеге кол койдун кайдагы бир казактар түзгөн ассосацияга кирип... Ага кошулуп Максат Чакиев деген бир саткын чыгыптыр казактардын сөзүн сүйлөп.
-1
bekmaral
2019-03-01 14:50:53
Тимеле олумуш кокпар менен кокборунун айырмасын билбей калат.Кокпар кандай ойнолушун корбой калдын беле.Улуттук кызыкчылыкты ушундайлар сатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан