Кара-Балта шаарында кумар оюндарын жашыруун ойноткон жай табылды

Жайыл РИИБинин кызматкерлери тарабынан кумар оюндары ойнотулуп келген жай табылды. Маалыматты Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгилүү болгондой, 21-февралда Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарында жайгашкан батирлердин биринде акча коюлуп, компьютер аркылуу ойнолгон кумар оюндары уюштурулуп жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (Кумар оюндарын жүргүзүү үчүн притон уюштуруу) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган.

"Батирде 9 процессору менен компьютер, аларды бир түйүнгө бириктирген 4 аппарат табылган. Факты боюнча кассир жана кумар оюну уюштурулган жайдын 21 жаштагы администратору кармалып, суракка алынып, оюн жайга келгендер акча коюп ар түрдүү кумар оюндарын ойноп келишкенин моюнга алышкан. Аталган жайдын ээси 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды. Иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан