28-февраль күнү жана 1-мартка караган түнү өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, алгач жер титирөө 28-февраль күнү саат 10:55те Ош облусунун аймагында орун алып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга, Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Ал эми экинчи жер титирөө 1-мартка караган түнү саат 02:06да Талас облусунун аймагында орун алып, күчү очогунда 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Талас районунун Коргон айылында 2,5 баллга, Бир-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлады.