ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар деген жүйө менен өлкөдөгү "nt" канцелярдык дүкөндөр тармагы Түркиянын карамагына өттү

ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар деген жүйө менен өлкөдөгү "nt" канцелярдык дүкөндөр тармагы Түркиянын карамагына өттү. Маалыматты SUPER.KG`ге Кыргыз өлкөсүндөгү Түркиянын элчилиги тастыктады.

Белгилүү болгондой, бул тууралуу акыркы чечим 28-февралда Жогорку Сот тарабынан чыгарылган.

"2016-жылдан бери уланып келе жаткан ФЕТӨ уюмуна тиешеси болгон "nt" дүкөндөр тармагына байланышкан соттук иштер жыйынтыкталды. Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Соту чечимди Түркиянын пайдасына чыгарды.

Бул соттук отурумдун жыйынтыгы менен ФЕТӨ уюму Түркиянын тышында алгачкы жолу жеңилүүгө дуушар болду.

ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар экендиги аныкталгандан кийин Түркияда аталган дүкөндөр тармагы улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөн. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө "nt" тармагынын дүкөндөрү жасалма жол менен үчүнчү жактарга өтүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Түркияда диний аалым Фетхуллах Гүленге тиешелүү болгон ФЕТӨ уюму экстремисттик деп табылган. Аталган уюм "2016-жылдын июль айында орун алган аскердик төңкөрүш жасоо аракетин уюштурган" деп айыпталып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан