Милиция кызматкерлери тарабынан сабалып омурткасы сынганы айтылган жаран боюнча Бишкек ШИИББи маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук сотунда 2018-жылдын 12-мартында жабырлануучу Э.А. менен "Милый дом" турак жайынын ортосунда жаңжал болгон.
"Милый дом" турак жайынын ээлери жабырлануучу Асангариев этикага туура келбеген сөздөрдү сүйлөп, милиция кызматкерлерине жана сотко орой мамиле кылганын айтышкан.
Октябрь РИИБине сот аткаруучу кайрылып, Элдияр, Тагай, Гүлсүн аттуу жарандарга чара колдонуп берүүнү суранган.
2019-жылдын 27-февралында "Милый дом" турак жайынын ээлери милицияга кайрылып, ошол эле Элдияр, Гүлсүн, Талгат аттуу жарандар денелерине ар кандай жаракаттарды келтиришкенин айтышкан. Факт боюнча "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгон.
"Кылмышка шектелип жаткан Э.А. милиция бөлүмүнө алып келингенде өзү "Тез жардам" кызматын чакырган. Андан кийин милиция кызматкерлери сабаган деген билдирүүнү тараткан. Учурда бул боюнча териштирүү иштери башталып, иликтөө башталды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин жактоочу Бактыбек Асамудинов Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан Э.А. жана анын айдоочусу сабалганын, учурда алар Улуттук госпиталга жаткырылганын айткан. Ошондой эле сабалган Э.А.нын омурткасы сынганын кошумчалаган.