Баткенде 75 метр тереңдиктеги шахтага түшкөн 35 жаштагы жаран каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылындагы шахтада 35 жаштагы адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-февралда саат 14:00 чамасында болгон.

"Беш адам иштетилбей калган шахтага түшүп, өз алдынча көмүр казууну көздөшкөн. Алар 75 метр тереңдикке чейин түшүшкөн. Мындан улам 35 жаштагы Ф.А. ууланган. Маркумду жанында чогуу жүргөндөр Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барышкан. Бирок ал ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган. Маркумдун бир тууган эжеси соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан. Учурда Кадамжай РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирет басма сөз катчы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан