Орусияда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Кырсыкка кабылгандардын арасында Кыргыз жарандары да бар

Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгынан 3 жаран каза болуп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 1-март күнү болгон. Анда Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар Кыргыз, Тажик жана Өзбек өлкөлөрүнүн жарандары бар. Lada Largus унаасында жети жүргүнчү бара жатса, Hyundai унаасында Ульяновск облусунун жарандары кетип бараткан. Денесинен ар кандай жаракат алгандар Красноярск районундагы ооруканага жеткирилгени жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JaneEr
2019-03-02 01:34:30
Границаны пересекать этип печать бастырганы баргандарго
+2
baltabaev
2019-03-02 09:26:41
Шорун курду го кыргызым,кырылып эле((
0
Krai
2019-03-02 09:27:55
Ооба орустардын законун сыйлайбыз деп атышып, коптогон жарандарыбыз олумго дуушар болуп атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан