"Бишкекте чоң концерт өткөргөнчө үйлөнүп алган оңой" дейт Данияр Эрматов. Ал бул сөздү борбордогу жеке концертинде айтты. Ырчы Данияр Эрматов концертинде жаңы чыгармаларын, жаңы клибинин бет ачарын жасады.
Концерттин өткөн жери: Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Концерттин аталышы: Шоу концерт
Алып баруучусу: Шоумен Санжар Мыкыев
Келген коноктор: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Алтынай Нарбаева, Самара Каримова, ырчылар Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев, Аваз Акимов менен Айдана Дека жана Малика Дина.
Өзгөчө номерлер: Самара Каримова менен аткарылган "Тунук сүйүү", "Апамдын болчу келини"
Ыр, бий менен коштолгон концертке Жогорку Кеңештин депутаттары келишти. Алар ырчыга Ыраазычылык кат тапшырып, чыгармачылык бийиктиктерди каалашты. Мындан тышкары ырчы мырзага "Даанышман аялдар" эл аралык фонду "Жылдын мыкты инсаны" алтын медалын тапшырды. Сыйлыктарды дүңүнөн алган ырчыны куттуктап келгендердин арасында бал шириндер Аваз Акимов менен Айдана Дека болду.
Аваз Акимов: "Даниярдын жан дүйнөсү таза. Дайыма ушул калыбыңдан жазба досум. Айдана менен кыз-жигит болгону орусчаны жакшы өздөштүрүп калдым" деп тамашалуу сөзүн айтты. Алып баруучу "шоу бизнесте "легендарлуу пятерка" бар, ал бүгүнкү концерттин ээси жана анын достору" деп сахнага Алмаз Шаадаевди чакырды.
Концерттин өзгөчөлүктөрүнүн бири Алтынай Нарбаеванын номерин болду. Ырчы Данияр Эрматовдун апасына чыгармачыл уулду тарбиялап чоңойткону үчүн рахмат айтып, гүлүн уулу аркылуу тапшырды. Андан кийин тамашалуу ырлар жаңырып, Айжамал Кабылова жана Гүлнара Калдарова менен биргеликте "Үйлөн иним" чыгармасы жаңырды.
Андан соң сахнага "Тамашоунун" бир нече жолку чемпиону болгон "Универсал" командасынын жигиттери чыгып, келгендерди кыраан каткырыкка бөлөдү. Ырчы күлкү жаратуучулардын бири Сапияга (ред.: Садык Нышанбай уулу) "турмушка чыгууну" сунуштады.
Кезек гитаранын коштоосундагы жандуу ырларга жетти. Ырчы 4-5 чыгармасын аткарып, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду. Чыгармачылык кеченин соңунда ырчы апасын сахнага алып чыгып ыраазычылык айтып, гүлүн сунду. Апасынын урматына "Апакем" чыгармасын жандуу аткарды.
Кошумчалай кетсек, Данияр Эрматов өзүнүн чыгармачылыгын гана алып кетпестен ырчылыкка кадам таштагысы келген күйөрманын сахнага алып чыкты.