Ысык-Көл облусуна караштуу Тамга айыл өкмөтүнүн жасалма пальма сатып алуу үчүн жарыя бергени талкууга алынды. Тендер боюнча жарыя 1-март күнү мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Белгилүү болгондой, 10 жасалма пальманы Тамга жана Тосор айылдарындагы көчөлөргө орнотуу пландалган. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом каралган.
Жарыя чыккандан кийин Интернет колдонуучуларынын арасында түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар "жайында пальманын алдында күнгө күйүп келет экенбиз" деп тамаша аралаш жазышса, айыл өкмөтүнүн ишин сынга алгандар да болду.
"Өзүбүздө бак-дарактар турса жасалмалуулуктун эмне кереги бар? Чөлдө жашасаңар бир жөн", "Азыр шаарда эле эмес, айылдарда да көчөлөргө бак тигип, суу куюп кам көргүсү келбей калышканбы? Көзүңөрдү ачкыла!" - деп жазышат интернет колдонуучулары.