Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши 23-апрелде кайрадан каралып баштайт. Сот отуруму Жогорку Сотто өтөрүн "Адилет" укуктук клиникасынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, "Ата Мекен" партиясынын лидеринин иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралат.
Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан.
Андан кийин Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча документтер келип түшкөнү маалым болгон.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.