Ошто үч баласын жалгыз караган эне: "Ооруп төшөктө жатканда күйөөм таштап кеткен. Азыр кызым дагы катуу ооруп жатат"

Ош шаарынын тургуну Чолпонай Карабаева 5 жылдан бери үч баласын жалгыз багып жатат. Өзүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. 9-класста окуган кызына операция жасалып, өпкөсүнүн жарымы алынган. Чолпонай Карабаевага буга чейин апасы жардам берип келген. Ал апасы февраль айынын башында каза болгонун айтты. Учурда батирдин акчасын - 4 миң сом төлөй албай, кызынын дарылануусуна каражат жок болуп жатканын айтып берди.

Белгилүү болгондой, ал жолдошу менен 14 жыл чогуу жашашкан. Ооруп калгандан кийин күйөөсү таштап кетип, балдарын жалгыз карап калган. Улуу кызы 9-класста окуса, ортончу уулу 7-класс, кичүү кызы 3-класста окуйт.

"Ооруп, ордумдан тура албай калган элем. Азыр кичине басып калдым. Апамдын үйүндө 5-6 ай жашадым. Андан кийин батирлеп жашаганга туура келди. Мамлекеттен 3 800 сом жардам берилет. Кошумча каражат болсун деп кийим тигип, идиш жууп жүрдүм. 5-6 саат идиш жууганыма 250 сом алчумун. Тапканым күнүмдүккө жетчү. Кызым ооругандан кийин аны карап отурушум керек болуп ишке бара албай калдым", - дейт Чолпонай Карабаева.

Анын айтымында, жакындарынын жардамы менен Жапалак айылындагы жер тилкесине үйдүн пайдубалы курулган.

"Кызыма операция жасалганда жашаганга жер жок болуп эки балам менен мечиттин аялдар бөлмөсүндө жашап жүрдүм. Азыр батирдин акчасын төлөй албай калганыбыз үчүн үйдөн чыгышыбыз керек болуп жатат. Айылдагы жерибизге туугандарымдын жардамы менен эки бөлмөлүү үйдүн пайдубалы курулган. Бирок дубалдары жок. Күн жылып кетсе тапчан куруп болсо да жашап алалы дегенбиз. Азык-түлүк дагы тартыш. Күнүмдүк тамак-ашка азык-түлүктү жарым килограммдан сатып алсак ал дагы 2 күндө түгөнөт. Этти кээде алабыз. Эл алдында баскандан дагы уялып калат экенсиң", - деди ал.

Ага мамлекеттен жардам катары берилген акча батирди төлөөгө да жетпегендиктен кызына да социалдык жардам алууга аракеттенген. Бирок натыйжа болгон эмес.

"Кызымды дарылоо үчүн ооруканага жатабыз. Наркоз берилгени үчүн кыйкырып ыйлап чыгат. Ошондой күндөрү үйгө алып келип карайм. Дарыларын берип, кичине өзүнө келгенде кайра ооруканага алып барам. Оорукана кызымдын экинчи үйү болуп калды. 6 ай мурун операция жасалган. Азыр кайра дарылоодон өтүшү керек болууда. Балдарым интернатта окуп жатышкан. Аравандагы интернатта өзбек тилинде окугандан кыйналып жатышканын көрдүм. Кийим-кечегин дагы жеткире албай кайра жаныма алдым. Кызымды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген катары топко каттабай жатышат. Акча берсем өткөрүшсө керек эле, бирок акчам дагы жок", - деди Чолпонай Карабаева.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Элсом: 0778 261 815

КISB: 1280 1160 5191 6972

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Qwer007
2019-03-02 13:53:20
Элим жардам аябайлы, менде мумкунчулук болгондо жардам кылмакмын. Умрага кайра кайра баргандар, башка жака барып кайрымдуулук кылгандар ошол сооптор ушул жерде да туратго...
+19
Krai
2019-03-02 16:56:34
Супер инфо ушул каарманыбыздын да уйуно барып видеосюжет даярдагылачы отконку Бекиевага окшоп буга да жардам сунгандар пайда болоттур
+7
admin_portal
2019-03-04 09:40:31
Krai, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Janyjol.86
2019-03-02 20:03:35
Окмотко элге док урунгуча балдарын учун куну туну иштебейсинби .азыр адамдардын Ден соолугу баарыныкы жайында эмес ошетседа суткасына 14 15 саатан иштеп балдарын багып атат.мени жаман корбогуло кебир жалкоолор ушитин Элден оной жардам алышты жолун таап алышкан .кызыгы денсолук каалайм
-16
jasgul
2019-03-02 21:53:07
Janyjol.86,бул келин чындыгында жардамга муктаж. Колунда бар эр азаматтар колдоо корсотсо жакшы болмок.
+3
angels
2019-03-02 21:07:47
Колунан келгендер жардам берели. Видеосун дагы коргом интернетте. Буту чалынып басып жаткан корсонор жалкоолонбой эле жардам керектигин билесиңер. Күйөөсү таштап кетип үйсүз калды деп жүргөн. Нансыз калган кундору болгонун. Жөн эле алдабайт да
+5
Pamirlan
2019-03-02 21:15:01
Эрине ишенгиче эки босогоно ишен дегендей
+8
Krai
2019-03-03 13:17:08
Pamirlan,ар бир адам ар турдуу эрине ишенсен анан суйуу анан уй булоо болот
0
aliko78
2019-03-04 22:38:39
0773280986 кийимден жардам беребиз. Кимге керек болсо кайрылсын. Ош шаарында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан