1-мартта Орусиянын Самара облусунда жол кырсыгы катталып 3 жаран каза болгон. Дагы 5 адам жабыркап ооруканага жаткырылганы маалымдалган эле.
Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен SUPER.KG порталына "Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен расмий маалымат берилди. Каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Кырсыктан 5 адам түрдүү жаракат алышкан. Экөөнүн абалы оор. Үч адамдын абалы салыштырмалуу жакшыраак, бирок оор бойдон. Жабыркагандардын арасындагы бир адам Кыргыз жараны. Ал да Красноярск районундагы ооруканада дарыланып жатат", - деп билдиришти.
Кырсык 1-мартта эртең менен болгон. Анда Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн. Кырсыкка кабылгандардын арасында Кыргыз, Тажик жана Өзбек өлкөлөрүнүн жарандары бар экени айтылган. Lada Largus унаасында жети жүргүнчү бара жатса, Hyundai унаасында Ульяновск облусунун жарандары кетип баратканы маалым болгон.