Борбордогу Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн автобекетке чейинки бөлүгү кеңейтилет. Оңдоп-түзөө иштерин "Бишкекасфальтсервис" ишканасы жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, оңдоло турган жолдун узундугу 800 метр, туурасы эки тарабынан тең 17 метр болот.
"Ала-Арча дарыясынан өтүүчү көпүрө куруу пландалууда. Фучик көчөсү менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишиндеги, Коммунаров көчөсүндөгү жана Ала-Арча дарыясынын жанындагы электр мамысы, жол чырактар алынат", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.