Экотехинспекция: "Ошто коопсуздук эрежелерин сактабай кран иштеткендер текшерүү жүрбөшү үчүн атайын дем алыш күнү иштеп жатышкан"

Ошто Масалиев көчөсүндө курулушчулар коопсуздук эрежелерин сактабай кран иштетип жатышканын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирген эле.

SUPER.KG порталына Ош шаардык экологиялык-техникалык инспециянын директорунун орун басары Талант Эшбаев эмне себептен коопсуздук эрежелеринин сакталышы көзөмөлдөнбөй калганы тууралуу айтып берди.

"Текшерген кызматтарга дем алыш болгон күндү аңдып туруп, атайын ишемби, жекшемби күндөрү иш алып барып жатышат. Бүгүнкү окуя боюнча барып эскертүү бердик. Долбоордун автору менен сүйлөшүшүбүз керек. Ошол жердеги орнотулуп жаткан лифттин шахтасын долбоор боюнча кантип көтөрүү керектигин, документтерин текшерип көрөлү. Ошого жараша жаңы кодекстер боюнча чара көрүлөт. Алар уруксат кагаздарын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинен алышы керек. Бүгүн уруксат кагаздарын көрсөтө алышкан жок. 4-мартта документтерин алып келишет", - деди Талант Эшпаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bessmertiy
2019-03-02 19:48:02
Буларга баары бир окшойт. Астында канча адам жүрөт, канча машина жүрөт. Жок дегенде адамдарды ары айланып өткүлө деп лента тартып турбайбы.
+2
madina.87
2019-03-03 01:00:17
Бир нерсе болсо, анан качышат,сүттөн ак болуп
+1
almanbetperm
2019-03-03 07:04:06
Чай ичип коюн ака деп сала койгон чонтоко, а булар келее берген суйунгон бойдон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан