Баткен облусунун Кадамжай районунда себепсиз ур-токмокко алып, жабырлануучунун кулагын тиштеп жулуп салган Кыргыз жараны эки жылдан кийин Орусиядан кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылы жай мезгилинде Кадамжай районунда орун алган. Анда жергиликтүү тургунду ур-токмокко алып, кулагын тиштеп жулуп салган адам изин жашырып кеткен. Кийин издөө жарыяланганда ал Орусияга качып кеткен.
"Кылмышка шектүү учурда камакта отурат, аны Кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси каралууда. Ал жоопкерчиликтен кутулуу аракетинде эки жылдан бери Орусияда качып жүргөн. Мекенинде ал 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.